Футбол боюнча өлкө кубогунун 2017-жылкы сезонундагы финалчылары аныкталды. Бишкектик "Дордой" канттык "Абдыш-Атаны" жеңип, оштук "Алай" кочкор-аталык "Нефтчини" жеңип финалга өтүштү.
"Дордой" - "Абдыш-Ата" 1:1 (эки беттештин жыйынтыгында 3:2)
Өлкө кубогунун жарым финалынын жооптук беттешинде "Абдыш-Ата" өз талаасында "Дордой" командасы менен 1:1 эсебинде тең чыгып, эки беттештин жыйынтыгында 3:2 эсеби катталган.
Эсеп санын 21-мүнөттө "Дордой" командасынын оюнчусу Павел Сидоренко ачты. Ага "Абдыш-Ата" 1-бөлүктүн кошумча убактысында Манас Жутановдун голу менен жооп берген. Экинчи таймда талаа ээлери бир нече чабуул жасап эсепти жогорулатууга көргөн аракеттери натыйжа берген жок. Беттештин жыйынтыгында "Дордой" командасы "Абдыш-Атаны" жеңип, өлкө кубогунун финалына өттү.
Эске салсак, жарым финалдын биринчи беттешинде "Дордой" командасы "Абдыш-Атаны" 2:1 эсебинде жеңип алган.
"Абдыш-Ата" (Кант) – "Дордой" (Бишкек) 1:1
Калыс: Бахадыр Кочкаров
Голдор: Манас Жутанов (45+2 мүнөттө) – Павел Сидоренко (21-мүнөттө)
Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Дордой" - "Абдыш-Ата" 2:1
"Алай" - "Нефтчи" 6:1 (эки беттештин жыйынтыгында 7:4)
"Алай" командасы өз талаасында Кочкор-Атадан келген "Нефтчи" командасын ири эсепте утуп, өлкө кубогунун финалына чыкты. Ош шаарынын "Ахматбек Сүйүмбаев" стадионунда өткөн беттеш 6:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Эсепти 5-мүнөттө талаа ээлери Муролим Ахмедовдун голу менен ачты. Арадан 2 мүнөт өтпөй Максат Алимов эсепти 2:0 кылды. Буга "Нефтчинин" оюнчулары Алишер Тухтасиновдун голу менен жооп кайтарды. Ал 26-мүнөттө пенальтини мыкты аткарып эсепти 2:1 кылганга үлгүрдү. 1-таймдын акыркы мүнөтүндө Владимир Веревкиндин голунан кийин, эки команда тыныгууга кетишти. 3:1 эсеби 2-таймдын аягына чейин катталып турду. 86-мүнөттө Умарбек Тохтасинов "Алай" командасынын 4-голун киргизсе, Одилжон Абдурахманов 2 гол киргизип эсепти 6:1 кылганга үлгүрдү. Бул жыйынтык менен Бактыбек Маматовдун шакирттери финалга өтүп "Дордой" командасы менен күч сынашат.
"Алай" (Ош) – "Нефтчи" (Кочкор-Ата) 6:1
Калыс: Дмитрий Машенцев
Голдор: Муролим Ахмедов (5-мүнөттө), Максат Алимов (6-мүнөттө), Владимир Верёвкин (45-мүнөттө), Умарбек Тохтасинов (86-мүнөттө), Одилжон Абдурахманов (88 жана 90-мүнөттө), Алишер Тухтасинов (26-мүнөттө пенальтиден).
Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Нефтчи" - "Алай" 3:1
Финалдык беттеш 23-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт, анда "Алай" жана "Дордой" командалары күч сынашат.
Эске салсак, 2016-жылы өлкө кубогунун финалында "Дордой" командасы "Алайды" утуп, кубокту жеңип алган.