"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аксынын Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бейит айылынын жолунан каттоо адам өмүрүнө кооптуу

Аксынын Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бейит айылынын жолунан каттоо адам өмүрүнө кооптуу. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Бердалы Мырзагулов билдирди.

"Кызыл-Бейит айылына барчу жол өтө начар абалда экени туура. Бирок бул жол өлкөбүз Эгемендүүлүк алгандан бери каттам үчүн ачылган эмес. Анткени тоо боорунда жайгашып, таш кулап турат. Жамгыр жаап, сел келген сайын таштарды агызып жолду бузуп кетет. Айылдын эли башка жол менен - Нарын дарыясы аркылуу кайык менен катташат. Эл үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүп калсын деп, аталган жолду 2016-жылы 450 миң сом жумшап тазалатканбыз. Бирок аз өтпөй эле шагыл толтуруп салган. Жакында бир адисти ээрчитип бардым. Ал 23 чакырым жолду оңдоо үчүн 1 миллион сом сурады. Бизде андай каражат жок. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү да көрүп кетти. Бул жол менен каттоо адам өмүрүнө кооптуу. Өткөн жылы кырсык болуп эки адам каза болгон", - деп билдирди Мырзагулов.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Бейит айылында 74 кожолукта 3014 адам жашайт.

Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" жаз мезгилинде жүргөн селден бузулган жол тазалана элек деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
raykray
2017-08-17 13:41:42
ошондо жолу жок журобергиле тынч, таш кулап басканча дептирда((
+1
Nadirov
2017-08-17 22:52:16
Айындын аталышы озу коркунучтууго))айылдын же адамдын аттарын жакшына койуш керек го!!!
0
kalima88
2017-08-19 11:26:30
Кызыл -Бейиттин жолу качан оңдолуптур өзү? Мен эс тарткандан бери эле ушундай жана кызылбейиттиктер көбүнчө Таш -Көмүр тарабы менен жүрүшөт.

Жогорудагы билдирүү жазган форумчу,айылдын айрым жерлеринде кум аралашкан топурагы кызыл ошондон улам айтылып калса керек.
Бул айылды Ош-Бишкек жолунан өткөн ар бир адам көргөн, бирок маани берип байкаган эмес.Разан-Сайга жетпей бир сай мурун кайрылып кетет.Айыл дарыянын аркы бетинде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан