Бүгүн, 17-августта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Москва шаардык Думасынын төрагасы Алексей Шапошников менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу алкагында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев кеңештин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Ал Москва шаардык Думасынын депутаттары расмий делегациясынын келгени эки шаардын депутаттарынын мамилесин бекемдөөгө жол ача турганын айтты.
“Быйыл февраль айында биздин шаардын депутаттары Москвага барып, сиздердин жылуу маанайда тосуп алганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Силердин Кыргыз мамлекетине келгениңер эки тараптуу мамиленин бекемделишине өбөлгө түзөт. Мындан кийин дагы жогорку деңгээлде болот деп ишенебиз. Сиздердин биздин өлкөгө болгон иш сапарыңар жемиштүү болот деп ишенебиз”, - деп делегациянын мүчөлөрүнө кайрылды.
Андан соң Алексей Шапошников эки шаардын депутаттарынын тажрыйба алмаша турган көп нерселери бар экенин айтты.
Жолугушууга шаардык кеңештин депутаттары, мэр Албек Ибраимов катышты.