Бишкек шаарында 14-22-сентябрь аралыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча Азия чемпиондугу өткөрүлөт. Бул тууралуу шахмат федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Иран, Индия, Бутан, Австралия, Ирак, Ооганстан жана башка мамлекеттерден келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жаштар жана чоңдор катышат.
Турнир "А" – 12 жашка чейинки балдар (эркектер жана кыздар);
Турнир "B" – 18 жашка чейинки жаштар (эркектер жана кыз-келиндер);
Турнир "С" - 18 жаштан жогору чоңдор (эркектер жана кыз-келиндер).
Ал эми Азия чемпиондугуна даярдык көрүү максатында 25-29-август аралыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өлкө биринчилиги өтөт.