Текебаевдин партиялашы Төлөгөновдун тергөө абагында эсинен танып жыгылганы айтылды

Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө конвой башчысы Аскаров: "Төлөгөнов соттук отурумга ден соолугума байланыштуу катыша албайм деп баш тартты. Анын жүрөгү ооруп жатыптыр", - деп билдирди.

Ал эми анын жактоочусу Сартбай Жайчыбеков сотто: "Төлөгөнов кечээ, 16-августта тергөө абагындагы коридордо эс-учун жоготуп жыгылды. Дарыгерлер чакырылып жардам көрсөтүштү", - деп айтты.

Соттук отурум Төлөгөновдун келбей калганына байланыштуу 23-августка саат 14:00гө жылдырылды.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ady-88
2017-08-17 17:11:09
А байкуш жеени аркасынан чыгып жатыптыр да
+2
jbolotov
2017-08-17 17:16:48
Жегендер камалсын!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан