Комедия жанрындагы "Боорду эзген Боронбай" толук метраждуу тасманын бет ачар аземи бүгүн, 17-августта Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында болуп өттү. Ага кыргыздын белгилүү режиссёрлору Эрнист Абдыжапаров, Бакыт Карагулов, атайын чакырылган коноктор, чыгармачыл топтун өкүлдөрү келип, тасма тууралуу пикирлерин билдирди.
"Тасма аркылуу барган сайын туугандар бири-бири менен катташпай, аралары алыстап жатканын айткым келген. Максатым - кыргыздын майда деп маани бербеген көйгөйлөрүн күлкү аркылуу жеткирүү эле", - дейт тасманын режиссёру Нишанбай Топчубаев.
Аталган тасма Топчубаевдин режиссёрлук кылган алгачкы эмгеги. Тартуу убактысы 8 күнгө гана созулуп, 11 күндө даяр болгон. Айтымында, комедияны тартып, чыгарууга 15-20 миң доллардай каражат жумшалган.
"Биринчи тасмам болгондуктан катачылыктарын көрүп, байкап отурдум, бирок келечекте жоюуга аракет жасайм. Кыргыздын белгилүү актёрлору катышты, аларга, дегеле фильмди жаратууга көмөк көрсөткөн бардык таланттарга ыраазычылыгымды билдирем. Кино тармагында атаандаштык чоң, ошентсе да кызыгып көргөндөр болот деп ишенем. Билеттерди сатуудан түшкөн каражаттан актёр, операторлорду ыраазы кыла турган гонорарларын төлөп берем", - деп кошумчалады Нишанбай Топчубаев.
Тасмада башкы каармандын ролун жараткан Нуржан Ниязованын да, Боронбайдын образындагы Арген Карагуловдун да кино жаатында тушоосу аталган комедия менен кесилди. Нуржан "мен айылдык эле кызмын, бирок шаардык кыздын ролун аткарууда кыйынчылык болгон жок" десе, Арген тескерисинче, шаарда төрөлүп өсүп, айылдык жигиттин ролун ойногондугун айтат.
Ал эми фильмди көргөн режиссёр Бакыт Карагулов мындай дейт:
"Негизи комедия абдан оор жанр. Менин окуучум Нишанбай Топчубаев турмушта эң жөнөкөй, бирок биз байкабаган көйгөйлөрдү көрсөтүүгө аракет жасаган. Анын ушул жанрды тандап, ушундай кадам таштагандыгынын өзү ийгиликтин башаты деп эсептейм. Өтө жөнөкөй сценарий аркылуу көрүүчүлөргө күлкү жана ырахат тартуулай алды".
Тасманын бет ачарына келген көрүүчү Канышай Сүйүнбаева: "Жашоодо Боронбайдай жигитке жолугуп калсам достошуп, мамиле түзүүдөн баш тартмак эмесмин. Турмуштагы тоскоолдуктарды позитивдүү маанай менен жеңген адам мен үчүн кызыктуу", - деген пикирин билдирди.
Тасманын башкы каарманы - айылдык, жөнөкөй жигит Боронбай өзүнүн ишенчээктигинен улам түрдүү кырдаалдарга туш болот. Унаа алуу үчүн фермадагы малын сатып шаарга келген ал шаардык кызды кафеге тамактанууга чакырып, ал акчасын уурдап кетет. Кафенин администратору акысын төлөй албагандыгы үчүн аны кызматкер кылып жумушка кабыл алат. Бирок Боронбай атасынын бир тууган инисинин кафесинде иштеп жатканын билбейт...
Тасма бүгүн, 17-августтан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.