Райкан Төлөгөновдун жубайы: "Жолдошум эсин жоготуп кулап калса да СИЗОнун жетекчилиги бейтапканага которбой жатат"

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда соттук иши каралып жаткан Райкан Төлөгөновду бейтапканага которууга №1-СИЗОнун жетекчилиги уруксат бербей жатат". Мындай маалыматты бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына Райкан Төлөгөновдун жубайы Чолпон Кошоева билдирди.

"Жолдошум 2003-жылы инсульт оорусуна кабылган. Андан бери дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп дарыланып жүргөн. Ал апрель айында операцияга даярданып жаткан. Март айында камап коюшту. Ошондон бери кан басымы көтөрүлүп, башы айланып, кускусу келип абалы оор болууда. Аны зордоп сотко алып келип жатат. Биз буга чейин №1-СИЗОнун башчысына Төлөгөновду бейтапканага дарыланууга чыгаруу боюнча арыз, өтүнүч, кайрылуу каттарды жаздык. Алар өздөрүнүн гана дарыгери менен карайбыз деп жатат. Жолдошум тез арада дарыланбаса кан тамырлары жарылып, экинчи инсульт алабы деп коркуп жатабыз", - деп билдирди Кошоева.

Эске салсак, буга чейин Төлөгөновдун ден соолугуна байланыштуу бир нече жолу соттук отурум жылдырылган. Буга чейин анын жактоочусу Төлөгөнов эстен танып жыгылганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aytur
2017-08-17 16:29:47
Эмнеге чондорду камаса эле ооруп калышат я???
+4
Jeka1996vip
2017-08-17 16:41:34
Чондордо анти турмоо барда коркуп ооруп калышат
+4
grace
2017-08-17 17:11:56
Эгер чындап ооруган болсо уруксат бериш керек. Инсульт менен тамашалашкан болбойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан