Белгилүү америкалык "Forbes" журналы 2017-жылдын эң көп акча төлөнгөн актрисаларын аныктады. Рейтингдин сап башында "Ла-Ла Ленд" фильм-мюзиклинде башкы ролду жараткан 28 жаштагы актриса Эмма Стоун турат. Ал акыркы 12 айда 26 миллион доллар тапкан.
Андан кийинки орунду 48 жаштагы Женнифер Энистон (25,5 миллион доллар) ээледи. Актриса тапкан акчасынын көбүн жарнамалык компаниялардан жана үлүшү бар косметикалык компанияны саткандан түшкөн кирешеден алган.
Тизмедеги үчүнчү орунда 24 миллион доллар менен Женнифер Лоуренс турат. Ал гонорарынын көп бөлүгүн "Апа" ("Мама!"), "Кызыл таранчы" ("Красный воробей") тасмаларына тартылып жана "Dior" рекламалык компаниясы менен иштешкенде алган.
Калган 7 орунду актрисалар Мелиса Маккарти (18 миллион доллар), Мила Кунис (15,5 миллион доллар), Эмма Уотсон (14 миллион доллар), Шарлиз Терон (14 миллион доллар), Кейт Бланшетт (12 миллион доллар), Жулия Робертс (12 миллион доллар) жана Эми Адамс (11,5 миллион доллар) алган.