Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен казган "ВГК" аттуу компания мамлекетке 39 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өкмөткө караштуу Кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматынан 17-августта билдиришти.
Белгилүү болгондой, аталган кызматка компания тарабынан мамлекетке түшкөн салык төмөн болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын негизинде Салык кызматынын райондогу башкармалыгы тарабынан текшерүү иши жүргүзүлдү. Жыйынтыгында мамлекетке 39 миллион 694 миң 468 сом зыян келгени аныкталды. Текшерүүдөн кийин компания аталган сумманы толугу менен мамлекеттин эсебине төлөп берди.