Европа өлкөлөрүнүн айрым жарандары туристтердин өтө агылуусуна нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, бүгүн, 17-августта Испаниянын түндүгүндөгү Бастар өлкөсүндөгү Сан-Себастьян шаарынын тургундары туристтердин ашыкча агымы тууралуу жергиликтүү бийликке кайрылуу жасашкан. Алар жер кезүүчүлөрдүн көптүгүнөн элге ыңгайсыздык жаралып жаткандыгын билдиришип, туристтердин өтө көп келүүсү аймактык экономикадагы тең салмактуулукту, аймактын көрүнүшүн бузуп жатканын айтышкан. Маалыматтарга ылайык, өткөн жылы Сан-Себастьян шаарына 75 миллиондон ашуун адам келген. Быйылкы жылы 80 миллиондон ашуун адам келери болжолдонуп жатканы айтылат.
Ал эми Барселонадагы батир ээлери туристтерге үйүн ижарага 12 күн берсе, жергиликтүү тургун 1 ай үчүн төлөй турган ижаранын акчасын таап алышары жазылат маалыматтарда. Мындан улам тургундар үчүн үйдү ижарага алуу оор болуп жатканы белгиленет. Ошондой эле жашоочулар туристтердин жергиликтүү салттарды жана баалуулуктарды сыйлабаганы, алкоголдук ичимдиктерди көп ичкени ирээнжитип жатканын айтышкан.
Туристтерге каршы көптөгөн аракеттер көрүлүүдө. Буга чейин активисттер туристтер келе жаткан автобусту токтотуп, дөңгөлөктөрүн жарып, сырдап кетишкен.
Ушул жылдын жай айларында Италия, Франция жана Хорватиянын жарандары да жер кезүүчүлөрдүн көптүгүнө нааразычылык билдиришип, айрымдары бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык каттарын жолдошкон.