Экс-депутаттын жана журналисттердин президентке 12 миллион сом төлөө чечими күчүндө калды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупованын жана "Заноза" сайтынын жетекчилигинин президент Алмазбек Атамбаевге 12 миллион сом төлөө чечимин күчүндө калтырды.

Белгилүү болгондой, Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. 30-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырган.

Бүгүнкү сотко Жакупова менен Маслова катышкан жок. Алардын атынан мыйзамдуу өкүлү Тимур Султанов жооп берди. Шаардык соттогу ишти карап жаткан сот Акматали Алибаевден айыпталуучу тарап актоону, прокурор чечимди өзгөртүүсүз калтырууну өтүндү. Жыйынтыгында сот мурдагы өзгөртүүсүз калтырган чечимди окуду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2017-08-17 21:16:59
Ошол акча менде болгондо Москвадан уй алып кенен жашайт элем балдарым менен кенен кысылбай
+2
Rifle_I
2017-08-18 00:42:07
RusMos76,Ошол акчага Кыргызстандан үй салып, чакан бизнес ачып алып жашаган жакшыраак го ?
Орустардын арасында түртүндү болбой, кыргыздын арасында сыйда болсоңуз экен Кудай буйруса .
0
taalay25
2017-08-17 22:43:48
Бишкекте оной бизнес табылган го. Эч иш кылбай сотко бер миллионду утуп ал. Нене эле алтымышка жакын адам Президенттике талапкерлигин коёт десе иш бул жакта экен да!)))
+1
admin_superstan
2017-08-18 11:08:18
medetbek, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан