Конор Макгрегор буту менен Флойд Мейвезерди тепсе, гонорарынын 90 пайызынан ажырашы мүмкүн

Мыкты делген эки мушкердин кийинки жумада боло турган беттешин алардын күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Флойд Мейвезер журналисттерге Конор Макгрегор бокстун эрежелери тыюу салган соккуларды колдонсо, 90 пайыз гонорарынан ажырашы мүмкүн экенин айткан.

"Макгрегор мени бут менен тээп жиберсе эмне болот? Чоң айып алат. Ал гонорарынын 90 пайызынан ажырап калат", - дейт Мейвезер.

Эскерте кетсек, Конор Макгрегор буга чейин бокс боюнча бир дагы беттеш өткөргөн эмес. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган. UFC'нин эрежеси боюнча бут, чыканак жана тизе менен урууга болот. Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетип, үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Флойд Мейвезер 2015-жылы спорттук карьерасын токтоткон. Ал жалпы 49 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Мейвезер бокс боюнча 5 салмак категориясында чемпиондукту камсыздаган.

Эске салсак, эки чемпиондун беттеши Лас-Вегас шаарында 26-августта орун алат. Беттештин уюштуруучулары алдын-ала эсептөөлөр боюнча 600 миллион доллардай киреше түшөрү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Lion.
2017-08-17 18:58:19
Таңгөрү артистер.) Кандай чон сумма ойноп жатат э ортодо. Биздин казынабыздын үчтөн бири.))
+6
kychan.98
2017-08-17 21:01:45
Мейфейзер ХХХХ
+1
admin_superstan
2017-08-18 11:33:13
kychan.98, этика нормаларын сактаңыз.
0
bond02
2017-08-17 19:08:40
Биз да Текебаев менен Атамбаевти рингге кое берсек мындан кем акча тушпойт эле.
+18
legion-arbat
2017-08-17 19:28:45
Булардыкы шоу болот.
+9
Makkambaev97
2017-08-17 20:21:58
Конор алга
0
Talantbargy
2017-08-17 20:33:26
Акчанын баары эле Ошо жакта го дейм
+3
Talantbargy
2017-08-17 20:34:13
Менимче Мейвезер утат
+2
Rajab
2017-08-17 20:50:21
эгерде Конор утулса юфсга реваншка чакырат
+4
nurkasym-2014
2017-08-17 21:23:33
Ошондо булар боксташабы же эрежесиз эр урушпу?
0
KUBI
2017-08-17 21:46:02
nurkasym-2014, боксташат конор утулуп калса эрежесиз эр чакырат болуш керек.
+1
Nadirov
2017-08-17 22:40:21
Конор клоун.Флойд чыныгы бокс чебери.
+3
Nurmat92
2017-08-18 14:44:53
Чачташкыла мушташкыла урушкула согушкула тебишкиле чабышкыла атышкыла айтышкыла сөгүшкүлө чырдашкыла бир тепсе эки теп эки тепсе үч жолу чап төрт жолу теп дейт бирое не здавайся дейт... таааңкөрү бир беттешкилечи рингдег көрүп алып кубанып калайын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан