Текебаев мамлекеттик тил сынагын тергөө абагында тапшырып 93,75 балл алды. Бул талапкерлер арасынан 4-көрсөткүч (тизме)

Бүгүн, 17-августта Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер болуу үчүн талап кылынган мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Ата Мекен" партиясынын юристи Канатбек Азиз билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Текебаев бүгүн түштөн кийин саат 14:00дөн 16:00гө чейин мамлекеттик тил сынагын тапшырган.

"Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов бүгүн аны көрүү үчүн УКМКнын тергөө абагына барган. Ага Текебаевдин эс алып жаткандыгын айтып, киргизбей коюшкан. Кийин Өмүрбек Текебаев менен жолукканда ал тил сынагын тапшыргандыгын билген", - дейт Канатбек Азиз.

Ал эми Улуттук тил комиссиясынын басма сөз кызматы Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил сынагын тапшырып 93,75 балл алгандыгын билдирди.

Тил сынагынан өткөндөрдүн тизмеси:

  1. Адахан Мадумаров (96,7 балл);
  2. Турсунбек Акун (94,75 балл);
  3. Сооронбай Жээнбеков (94,6 балл);
  4. Өмүрбек Текебаев (93,75 балл);
  5. Өмүрбек Бабанов (93,5 балл);
  6. Улукбек Кочкоров (91,9 балл);
  7. Бакыт Дегенбаев (89,5 балл);
  8. Турсунбай Бакир уулу (88,6 балл);
  9. Өмүрбек Бөлтүрүков (87,21 балл);
  10. Азимбек Бекназаров (86,4 балл);
  11. Марат Иманкулов (86,15 балл);
  12. Рита Карасартова (86 балл);
  13. Ахматбек Келдибеков (85,9 балл);
  14. Турат Акимов (85,13 балл);
  15. Мукар Чолпонбаев (84 балл);
  16. Камчыбек Ташиев (83,25 балл);
  17. Темирбек Асанбеков (82,53 балл);
  18. Исхак Масалиев (82,25 балл);
  19. Канатбек Исаев (82,15 балл);
  20. Темир Сариев (81,8 балл);
  21. Максатбек Жумабеков (81,6 балл);
  22. Камила Шаршекеева (80,9 балл);
  23. Кубан Чороев (80,3 балл);
  24. Таалатбек Масадыков (79,8 балл);
  25. Токтобүбү Таласбаева (79,77 балл);
  26. Замира Муратбекова (79,5 балл);
  27. Казыбек Шайымбетов (79,37 балл);
  28. Алмаз Каримов (77,6 балл);
  29. Акылбек Мансуров (77,34 балл);
  30. Токтайым Үмөталиева (76,7 балл);
  31. Назарбек Нышанов (74,15 балл);
  32. Сагынбек Абдрахманов (74 балл);
  33. Дамира Токтосунова (73,65 балл);
  34. Талгатбек Кожогулов (72,18 балл);
  35. Бакыт Төрөбаев (71,8 балл);
  36. Санжарбек Энназаров (70,25 балл);
  37. Арсланбек Малиев (64,27 балл);
  38. Марат Мергенов (61,12 балл);
  39. Темиркул Өмүралиев (61 балл);
  40. Сайнидин Султанидинов (60,53 балл);
  41. Арстанбек Абдылдаев (60,2 балл);
  42. Эрнис Зарлыков (60,16 балл).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
talant87
2017-08-17 21:53:06
Шайлоо бул чечилген нерсе менимче
+18
Qwer007
2017-08-17 21:57:44
Бул жон эле спектакль окшойт
+8
Adi97
2017-08-17 23:31:13
Qwer007,menin oiumda ushundai chota akyrkylary okshoshpoi baratkansyit
+3
Qwer007
2017-08-17 22:01:51
Менимче бул бийликтегилердин элдин козун боемой шоусуго, калп эле биз коррупция мн курошуп жатабыз деп, элдин алдында бири соттомуш болуп, бири соттолуп жаткан адам болуп
+5
Qwer007
2017-08-17 22:06:57
Эч нерсе кылбаган Жапаровду эч нерсеге катыштырбай соттоп жок кылышты, а бул жакта млн жеп соттолгондор тил сынагына катышып, шайлоого да катыша тургандай болуп калды го? Атандын гору акыйкат..
+12
ZHYRGAl1412
2017-08-17 22:19:33
Мадумаровко тил боюнча эч ким тен келбейтко
+11
Atas
2017-08-17 23:13:58
Saiasatchylardy maktap jaktap ele jatyp kaldynar
0
jalguzum
2017-08-18 04:40:24
ZHYRGAl1412,туура, кыргыз тилди да жакшы билет, орусчаны да таза без акцент суйлойт
+3
Alibi
2017-08-18 00:09:34
Мен президенттикке Арстан Алайды шайлайм. Сиз дагы ошону шайлаңыз, ал президент болсо, өлкөбүз өсүп-өнүгөт!
-17
mr.ulan89
2017-08-18 01:21:40
Alibi,аны озун эле шайлай бер биздин добуш Мадумаров элдер да мени колдойт болуш керек
+9
jiku_83
2017-08-18 01:57:14
mr.ulan89,мен колдойм сени! татыктуусу бир гана Мадумаров!
+2
dastan_nookat
2017-08-18 06:52:21
jiku_83,мен дагы колдоймун
0
Rifle_I
2017-08-18 00:37:36
Арттагы номерлерге ким добуш берет ?
-1
basyz-kaman
2017-08-18 08:01:13
Текебаевге дагы шарт түзүлүп, эл катары даярданып туруп сынакка катышканда эң жогорку балл алышы мүмкүн эле.
+3
ilgizk
2017-08-18 08:20:16
Соке 94.6 балл алганына көзүм жетпейт да ээээч.....
+6
SHERBOLAT
2017-08-18 09:37:48
Адахан Мадумаров биздин келечек
+1
nurkojo
2017-08-18 10:12:29
Бабанов кыргызча эптеп эле суйлойтко кантип эле дейм? Тест менимче женил окшойт ото эле!
+1
Bahira
2017-08-18 12:32:12
Мадумарооов алгааа
+1
chika010596
2017-08-18 12:58:40
Соттолгон Корупционер президенттин кимге кереги бар?
-2
Muratmipa
2017-08-18 16:05:14
Шайлоо уже чечилген сооронбай ажо бабанов пример мени айткан эле дей бергиле
0
juma82
2017-08-18 16:21:07
Мадумаров алга биз сиз менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан