Малайзиянын ханбийкесин жубайлыкка алуу үчүн голландиялык футболчу ислам динин кабыл алып, ысымын алмаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Малайзиянын Жохор султанатынын султаны Ибрагим-Исмаилдин жана ханышасы Зарит-Софиянын жалгыз кызы Амина Маймуна Искандария 14-августта голландиялык футболчу Деннис Вербааска турмушка чыкты. Алгач 31 жаштагы Амина жана ысымын Деннис Мухаммед Абдуллага өзгөрткөн футболчу нике кыюу салтанатына барышкан. Ал эми кечинде алар үчүн Жохор-Бару хан сарайында укмуштуудай үлпөт той өткөрүлгөн.
Үлпөт тойго 1200 конок чакырылган. Алардын ичинде Жохор, Перак, Перлис, Паханг, Келантан, Кедах, Негри-Сембилан, Селангор, Тренггану жана Бруней султанаттарынын султандары жана ханышалары, Сингапурдун президенти Тони Тан, анын жубайы, Деннис Мухаммед Абдулланын апасы, атасы, бир туугандары, достору болгону маалым болду.
"Той ата-эненин батасын алуудан башталган. Өз сөзүндө султан жаштардын колун таттууларга толтуруп жатып, кимиси көбүрөөк жесе, үй-бүлөнүн башчысы болорун айткан. Жаштар алгач бирдей жеп жатышкан, бирок Ибрагим-Исмаил кызын күлдүрүп, күйөө баласына жеңиш алып келген", - деп жазылат маалыматтарда.
Футболчу менен ханбийке 3 жыл мурун Сингапурдагы кафеде таанышкан. Ал кезде Деннис Мухаммед Абдулла жергиликтүү футбол командасына менеджер болуп орношуп, көчүп барган. Ал сүйүктүүсүнүн колун сурардан мурун исламды кабыл алып, ысымын өзгөрткөн. Нике келишимине ылайык, футболчу аялынын менчигине ээ боло албайт, мындан сырткары, ал султандын ордун ээлей албайт.