Бүгүн, 18-августта Бишкектеги Манас жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 3 жеңил унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Патрулдук милиция кызматкерлеринин айтымында, кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болду.
Таңкы саат 07:00дөр чамасында орун алган окуя Мазда, Тойота, Хонда үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болду. Жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы алып кетти. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Патрулдук милиция кызматкерлери окуя болгон жайда абалды көзөмөлдөп жатышат.