ЖЫЛНААМА, 18-АВГУСТ: Көзү өтсө да, ырлары элдин жүрөгүндө калган төкмө акын Майра Керим кызынын дүйнө салганына 8 жыл болду

Аткарылбай калган аманат...

Залкар төкмө акын, обончу Майра Керим кызы мындан 8 жыл мурун, 2009-жылы 18-августта 47 жашында рак илдетинен улам каза болгон. Анын сөөгү келин болуп келген жери - Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган. "Көзүм өтүп кетсе, менин күйөрмандарым менен Опера балет театрында коштошуу аземин өткөрүп койгула" деген атактуу төкмө акындын акыркы аманаты аткарылбай калганы эл арасында айтылып жүрөт.

Акындын көзү өтсө да, өзү өткөн жок. Анын "Жар керек", "Сени сүйгөн бир адам бар" аттуу ырлары азыркыга чейин популярдуулугун жоготпой, эл сүйгөн ырлардын катарында.

Кыргыздын келини эле эмес, жээни дагы болгон

Майра Керим кызы 1962-жылы 8-январда Казакстандагы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Маалыматтарга караганда, ал кыргыздын келини гана болбостон, жээни дагы. Төкмөнүн энеси кыргыз кызы болгон.

Анын Ысык-Көлгө кантип келин болуп калгандыгы туурасында төкмө акындын жолдошу Канат Байышов "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде төмөндөгүлөрдү айтып берген.

"Буюруп койсо африкалык адам менен деле түтүн булатат экенбиз да. Казакстанда курулушта иштеп жүргөн кезим. Балдар менен мейманканада жашайм. Кээде кафеге барып тамактанабыз. Ошондой күндөрдүн биринде кафеден бир татынакай кызга көзүм урунду. Мен алдымда тамак бар экенин унутуп, жалдырап эле отуруп калыптырмын. Ал кыз ордунан туруп кеткенде гана эсиме келдим. Арадан 10 күн өткөндө кайрадан кездешип, таанышып калдык. Майра экөөбүз уруш-талашы жок, ысык сезимдердин кучагында жашоо кечирдик. Элин-жерин таштап мен деп келип, мага тукум улап берген аялзатын кантип жанымдан артык көрбөйм?"

Төкмө акын кыргыз элинин намысын коргоп, бир катар айтыштарда баш байгени утуп алган. Анын 252 ыры бар, 39уна обон жаралган.

Уулу Акжолтой апасынын жолун жолдогон

Майра Керим кызынын 2 уулу, бир кызы бар. Ал "Жар керек", "Алтын казыгым", "Сезим жанары" аттуу ырларын жолдошу Канат Байышовго арнаганын, андан сырткары анын "Уулума", "Кайнененин каалоосу" деген үй-бүлөсүнө арналган обондуу ырлары бар экенин уулу Акжолтой журналисттерге берген маектеринин биринде айткан. 24 жаштагы Акжол апасынын жолун жолдоп 2006-жылдан бери төкмөлүк өнөрдү аркалап келет, ошондой эле актёрлук кесипке дагы ээ.

Акын Жедигер Саалаевдин Майра Керим кызына арнаган ыры:

Көзү тирүү кезде сизди сыйлабай,

Казак-кыргыз сиз өлгөндө ыйлады ай.

Кайран гана кыргызчылык, пенделик,

Качан болот тирүү кезде сыйламай?!

Кыргыз элге небак сиңген эмгеги,

"Эл артисти" болгон сиздей пендени

Кыргыз өкмөт тирүүңүздө бир баалап,

"Эмгек сиңген…" деген наамды бербеди…

Эми Майра эл деп тилин безебес,

Эл бар кезде өчпөйт сиздин эс, элес.

Элдин сөзүн эл башылар угушса,

Эми деле наамын берсе кеч эмес.

18-августтун жылнаамасы.

Майра Керим кызы менен Элмирбек Иманалиевдин айтышы (Архив)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан