Бишкектеги банкты карактагандар 2 миллион сомдон ашуун акчаны алып кетишкени белгилүү болду

Бишкектеги "ЭкоИсламикБанктын" Көк-Жар кичи районундагы бөлүмүн карактаган адамдар 2 миллион 400 миң сом алып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG`ге Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

"Банктын кызматкерлери түшкү тыныгууга чыккан учурда кылмыш иши катталган. Андыктан эч ким жабыр тарткан эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт Оморов.

Эскерте кетсек, 11-август күнү белгисиз адамдар "ЭкоИсламикБанктын" Көк-Жар кичи районундагы бөлүмүн тоноп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuba-savai87
2017-08-18 11:15:03
Табыла элекби дагы деле
0
asil-08
2017-08-18 11:41:03
Кыргызстанда качан эле бир нерсе табылчы эле бул акча деле табылбайт гарантия.
+4
bekhaliev
2017-08-18 14:08:55
Кыйын адамдар экен,булда талант
0
jonne
2017-08-18 15:35:07
Банктын озунун адамдары ууру алыстан келбейт . Банкта видео камеры
+3
shankol88
2017-09-23 15:34:50
Табылбаганына караганда артында чоондор барбы дейм даа...же шайлоого иштелип жаабы???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан