Бүгүн, 18-августта КСДПнын саясий кеңешинин төрагасынын 1-орун басары Фарид Ниязовдун атасы, учурунда өлкөнүн таанымал дикторлорунун бири болгон Абилезим Ниязов көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Усенов тастыктады.
Анын айтуусунда, Абилезим Ниязов бүгүн эртең менен көпкө созулган оорунун айынан каза болгон.
Маалымат үчүн: Белгилүү диктор 1929-жылы Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Эпкин айылында туулган. Ал Кыргыз өлкөсүндөгү диктордук мектептин түзүүчүлөрүнүн бири, өмүрүнүн тең жарымын радиого арнаган чыгаан диктор болгон. Бул тармакта 40 жылдан ашуун эмгектенген. Абилезим Ниязовго "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" деген наам биринчи болуп берилген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Абилезим Ниязовдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.