Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы жатакана күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жатаканадан чыккан өрт 17-августтан 18-августка караган түнү саат 01:30дар чамасында чыккан. Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн кесепетинен 8 батирлүү жатакана жана Ваз-3110 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.