Сот "Заноза" сайтын президентке дагы 3 миллион сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирди

Биринчи Май райондук соту "Заноза" сайты президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтиргендиги үчүн 3 миллион сом моралдык чыгым төлөсүн деген өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG`ге "Заноза" сайтынын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып билдирди.

"Биринчи Май райондук сотунда сот Алмаз Калыбаев Өмүрбек Текебаевдин 13-февралдагы пикирин сайтка чыгаргандыгыбыз үчүн 3 миллион сом төлөсүн деген чечим чыгарып, айыптоочулардын талабын толук канааттандырды", - дейт Айып.

Айта кетсек, буга чейин "Азаттык" жана "Заноза" сайтына доо арыз менен сотко кайрылууга “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрге барып келгендиги тууралуу комментарийи президенттин аброюна шек келтирди деп башкы прокурор Индира Жолдубаева эки сайттан 13 миллион сом ("Азаттыктан" 10 миллион сом, "Занозадан" 3 миллион сом) моралдык чыгым өндүрүү талабы менен сотко кайрылган. Бирок кийин "Азаттыкка" карата доо арызын кайтарып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Adambol
2017-08-18 14:24:38
Американын акчаларынан бергиле да аябай.

-5
adjo_krsu
2017-08-18 14:25:24
Ашада аброй калбады го деп ойлойм. Уят эле уят.
+11
nurbekasr
2017-08-18 14:42:53
Эмне балее АША кетээринде чөнтөктөрүн кампайтып,кичине уялыш керек да көрүнгөндү миллиондоп сындыра бербей.
+7
Jarookerjan
2017-08-18 15:00:14
nurbekasr,Текебаев менен Чотоновдун кесилиши учун кээ бир адамдарга гонорар берилди да анын ордун толтуруу керек.Анан дагы кулаган учактагы жуктун акчасын да банкрот болбой эки,уч эсе кылып кайтарып алуу керек.
+4
take.kg86
2017-08-18 14:52:52
АША нын оброю калбадыга дагы кайдагы оброй анда. Прездент деген гана аты болбосо анын уяты, наамысы, адилеттүүлүгү, эркектиги деле калган жок
+4
take.kg86
2017-08-18 14:55:53
Индира. Жолдубаева менида сотко бер мени да соттосун эл баарыңарды билип сабыр кылып турат шайлоого чейин эгер шайлоо таза өтсө анда азыркы бийликтегилер күнүңөр бүттү алыңарга мышык ыйлайт
+3
Ibanurkb
2017-08-18 15:05:25
Ырас болуптур
-5
SansaNePredaiJohna
2017-08-18 15:05:44
азаттыка духу жетпедиби ген прокурордун?
азаттык типа ббс в средней Азии .
мээси иштептир ушул жерде
+3
admiral
2017-08-18 15:07:15
АШАнын кайсы абрюна??? АШАда вообще бет, аброй барбы?
+7
take.kg86
2017-08-18 15:23:33
admiral, туура айтасың же башка презденттерге окшоп жакшы сүйлөй албайт пыты пыты деп сүйлөгөн сөзүнүн мааниси жок. Кудай өзү жазасын берсин баарын көрүп, угуп , билип турат
+3
tilek121277
2017-08-18 15:25:46
Маймылдар заманы
+1
sabyr86
2017-08-18 15:50:56
Туптуура керек болсо ушул жерде Аша деп отургандарга да штраф салса сонун болмок.
-7
Jarookerjan
2017-08-18 16:15:06
sabyr86,азыр деле энесин олтургон Жоломандай элге чыккынчылык кылган манкурттар арабызда бар экени окундурот.Абийирин,адамдык сапатын четке коюп,байлыгы,бийлиги,мансабы бар адамдын тукуругун жутуп жиберчудой болгондор,ашага кошомат кылгандар зээнинди кейитет.
+3
Jarookerjan
2017-08-18 16:26:59
sabyr86,жакшыраак кошомат кыл.Бул жерде жазгандарды тизмелеп чурка ашана.Сага да миллиондогон гонорар тийиши мумкун,ошондон кур калба чурка батыраак!
+2
KUBI
2017-08-18 15:58:38
Жакында эл которулот ко, абайлагыла бийлик.
+1
Beks0207
2017-08-18 16:43:48
Олдуго бийлик, коздору карангылашып болбой еле калды 7-апрельди унутуп
0
evra_kg
2017-08-18 20:14:42
Бир тыйын бербей эле тургула декабрьда бересинер
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан