Бишкекте Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны уурдап качкан деп шектелип 22 жаштагы 2 адам кармалды

Бишкекте Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны уурдап качкан 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, ушул жылдын 22-июль күнү кичи райондордун биринен унаасы уурдалгандыгын билдирген.

"Аталган факты боюнча ыкчам иликтөө жүргүзүлүп, кылмыш ишине шектелип Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган К.Т. жана М. Б. аттуу жашоочулары кармалган. Кармалган тургундардын үстүнөн Кыргыздын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан