Олимпиаданын 8 жолку чемпиону, жөө күлүк Усэйн Болт бутундагы жаракатынан улам "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу менен "Барселонага" каршы кайрымдуулук беттеште ойнобойт. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, жөө күлүк Улуу Британиянын Лондон шаарында 4-августтан 13-августка чейин жеңил атлетика боюнча өткөрүлгөн Дүйнө чемпионатында алган жаракатынан улам аталган футболдук беттешке катыша албайт.
"Тилекке каршы, тизе сөөгүм ажырап кетти. Ал калыбына келүү үчүн үч ай талап кылынат. Негизи ден соолугум тууралуу медициналык чечимдерди жарыялай бербейм. Бирок бул жолу көпчүлүк адамдар, чындап эле мени жаракат алып калдыбы деп суроо берип жатышат. Мен күйөрмандарымды таптакыр алдаган эмесмин жана акыркы жолу Дүйнө биринчилигине катышуу менин чыныгы каалоом болчу", - деп жөө күлүк өзү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Усэйн Болттун "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу менен "Барселонага" каршы кайрымдуулук беттеште катыша турганы айтылган.
Айта кетсек, ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу маалымдаган. Ал Олимпиаданын 8 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунда 11 жолу чемпион аталган. Жалпы эсеп менен Усэйн Болт 8 жолу рекорд койгон.