Жалал-Абадда Асан Кабылбековдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 20-23-июнь күндөрү эркин күрөш боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш өтөт. Аталган спорт түрүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш эркин күрөш боюнча Кыргызстандагы бир нече жолку чемпион жана спорттун чебери Асан Кабылбековдун жаркын элесине арналып уюштурулууда. Мелдешке 1997-2000-жылы төрөлгөн Кыргызстандын жана башка чет өлкөнүн жаш балбандары катышмакчы. Иш-чара жаш өспүрүмдөрдү спортко кызыктыруу жана өлкөлөр арасындагы достук менен ынтымакты бекемдөө максатын көздөйт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан