ЖЫЛНААМА, 18-АВГУСТ: "Универсал" командасынын оюнчусу, "тамашоучу" Актилек Бекташев 24 жашка толду

"Тамашоунун" "Универсал" командасынын оюнчусу Актилек Бекташев бүгүн, 18-августта 24 жашка чыкты. Аны куттуктап чалсак, ыраазычылыгын билдирип, өздүк майрамын эртең белгилей турганын айтты.

"Туулган күнүмө карата куттуктоолор саат 00:00дө башталган. Эң биринчи ата-энем куттуктады. Андан кийин досторум, ырчы агам Данияр Эрматов куттуктады. Бүгүн кечинде тойлордун биринде эл кызматында болом. Андыктан өздүк майрамымды эртең белгилей турган болдум", - деди ал.

Белгилей кетсек, Актилек Бекташев 1993-жылы 18-августта Ош шаарында төрөлгөн. Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Фабрика айылында чоңоюп, ошол жердеги орто мектепте билим алган. Аны аяктаган соң Ош технологиялык университетинин автоунаа факультетинде окуган.

Ал ойногон "Универсал" командасы "Тамашоу" лигасынын 8-сезонунун чемпиону, SUPER.KG порталынын кубогунун, 2016-2017-жылдардагы "Ак калпак" кубогунун 2 жолку ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ayselim
2017-08-18 22:16:30
Вай класстааш окуп алып тим эле сыймыктанып алдымго!) Туулган кунун кут болсун !
+1
Tyty1990
2017-08-18 23:13:22
Ayselim, ваай өөөлллааа деп алба дагы
+1
ayjan_90
2017-08-19 01:37:56
Сонун аткарат тамашаларды Таластыктакты озгочо
0
alben
2017-08-21 13:00:10
Туулган күнүң кут болсун! Универсал командасынан симпатичный бала. Талантың ташкындай берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан