Мындан 62 жыл мурун, 1955-жылы 18-август күнү Кыргыз Республикасынын 21-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Фрунзе шаарында туулган. Анын саясатка келүүсү Кыргыз өлкөсүндөгү көп саясатчылардын баскан жолунан айырмаланып турат. Ал алгач 1981-жылы Илимдер академиясында катардагы кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Кийин илим жаатындагы бардык баскычтарды басып өтүп профессордук даражага да жеткен. Анын физика илими багытында 230дан ашуун илимий иштери, пикирлери жарыяланган жана бир нече илимий китептердин автору.
Ал эми саясатка келгенден кийин ар кайсы бийлик бутактарында ар кандай кызматтарда иштеген. Көрүнүктүү кызматтарын айтсак, 2 жолу вице-премьер-министр, 1 жолу премьер-министр болгон. Ошондой эле Нидерланды падышалыгындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу болуп иштеген.
Ал эми анын эмгек жолуна толук көз сала турган болсок узун тизмек жаралат:
1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетин физика адистиги боюнча бүтүргөн (артыкчылык диплому менен аяктаган).
Ал эми 1981-жылы Москвадагы СССР Илимдер Академиясынын Физика институтунун аспирантурасын аяктаган.
1981-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясында кенже, ага илимий кызматкер, плазма спектроскопия лабораториясынын башчысы.
1985-1996-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, физика факультетинин профессору (негизги иши менен сыйыштырып иштеген).
1993-1996-жылдары – Эйндховен Технологиялык университетине (Голландия) чакыруу менен барган профессор.
1996-2005-жылдары – Кыргыз-Орус Славян университети, табигый-техникалык факультетинин профессору, лаборатория башчысы.
1996-1999-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, башкы аткаруучу директор.
1999-2002-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, вице-президент.
1997-жылы – КР УИА "Жалын" Илимий-инженердик борбору, лаборатория башчысы.
1997-жылы – Нидерланды падышалыгындагы КРнын ардактуу консулу.
2000-жылдан – 2006-жылдын апрель айына чейин – "Менин Өлкөм" партиясынын координатор-лидери. 2000-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин шайлоосунда партиянын тизмесинде алгачкы болуп турган. Шайлоодон кийин депутаттык мандаттан баш тарткан.
2001-жылдын 22-августунан – 2004-жылдын 7-февралына чейин – КРнын президентинин чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өкүлү, атайын өкүлү.
2001-2005-жылдары КРнын Ооганстанга экономикалык жактан жардам берүү өкүлчүлүгүндө атайын өкүл.
2002-жылдын 30-майынан 2005-жылга чейин – экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр.
2005-2006-жылдары – "Инвестициялык тегерек стол" коомдук уюмунун башкы директору.
2006-жылдын декабрынан баштап 2011-жылга чейин – инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча европалык өнүктүрүү банкында башкы кеңешчи.
2010-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.
2011-2012-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри.
2012-жылдын 24-августунан 6-сентябрга чейин – экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу.
2012-жылдын 6-сентябрында биринчи вице-премьер-министри, ал эми 2014-жылдын 4-апрелинде премьер-министри болуп дайындалган.
2015-жылы 23-апрелде Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турганын парламенттин жалпы жыйынында билдирип чыккан. Эртеси 24-апрелде Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кызматтан бошоткон.
Премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин учурда кайрадан илим иштери менен алек болуп жатканы тар чөйрөдө айтылып келет.