Бишкекте 22 жаштагы кыз эркек кишини таш менен жанчып өлтүргөн деп шектелип кармалды

Кылмышка шектүү кызБишкекте 22 жаштагы кыз эркек кишини таш менен жанчып өлтүргөн деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, кечээ, 17-августта күндүз саат 16:00 чамасында Гоголь менен Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде денеси кан болгон кишинин жерде жатканы боюнча милицияга кабар түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда, кан болуп жаткан адамдын жанында кыз бар экени белгилүү болгон.

Маалыматта кансыраган кишинин жанында колдору кан болгон кыз жана анын жанында канга боёлгон таш табылган. Жабырлануучуну куткаруу аракети натыйжасыз болуп ооруканага жетпей жолдо жан бергени айтылат. Бул боюнча Свердлов райондук ички ишкер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү 22 жаштагы кыз камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Syn4y
2017-08-18 18:56:51
Экөө ичишкен да. Анан эркек сураган, ал бербей коюп олтуруп таштаган окшойт
+11
novayariga
2017-08-18 19:17:42
Syn4y, 5 отур
+12
bekhaliev
2017-08-18 20:37:52
novayariga,олтурдунго
+6
Gulzada1987
2017-08-18 22:59:45
Дагы кыйраткансып койкоюп селфи тушуп коюптурго
+3
Syn4y
2017-08-19 09:29:30
Gulzada1987, selfi emes
-1
akaichik
2017-08-19 01:23:00
Психологиялык жактан ооруйт окшойт кебетесине караганда.
+2
alben
2017-08-21 13:29:42
Акыл эси ордунда болгон адам антмек эмес. Ооруйт окшойтко. Ичкилик кандай гана жаман жолго алпарат. Ар бир адамга ыйман ынсап берсин жараткан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан