Бүгүн, 18-августта Бишкектеги Манас-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарак кулап, жүк ташуучу унааны басып калды. Бул тууралуу окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, дарактын кулаганынан улам троллейбустун байланыш зымдары үзүлүп, каттам токтогон. Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда жол каттамын калыбына келтирүү үчүн Бишкек шаардык жашылдандыруу ишканасынын кызматкерлери тартылды. Ал эми Патрулдук милиция кызматкерлери абалды көзөмөлдөөдө.