Кытайда тынбай жааган жаандан улам 10 адам каза болуп, 11 миң адам коопсуз жайларга көчүрүлдү

Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономиялык районунда тынбай жамгыр жаап, 10 киши набыт болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта кытайлык телеканалдар билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-августтан бери токтобой жаткан жамгырдан улам 11 миң жергиликтүү тургун коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Катуу жааган жаан 192 миң адамга материалдык зыян алып келген. Бир катар аймакта унаа жолдору, байланыш линиялары зыян тартып, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Синоптиктер жакынкы күндөрү дагы нөшөрлөгөн жамгырдын уланарын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Batma08
2017-08-19 10:51:03
Оо кудай сактай кор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан