Бишкекте 22 жаштагы кыз эмне үчүн эркек кишини таш менен уруп өлтүргөнү айтылды

Кылмышка шектүүБишкекте күндүзү эркек кишини таш менен уруп өлтүргөн кыз аны менен бирге отуруп спирт ичимдигин ичкен. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 17-августта күндүз саат 16:30да нөөмөттөгү милициянын 102 номерине чалуу болуп, Бишкектин Гоголь менен Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштагы эс учун жоготкон адамдын жерде жатканы боюнча кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы да чакырылып, жабыркаган эркек киши өзүнө келбей ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Дарыгерлер "каза болгон адам баш мээсинен катуу жаракат алган, көп кан жоготкон" деп алдын ала аныктама беришкен.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө каза болгон адамдын башына бир канча жолу таш менен урган жаш кызды көргөнүн билдиришкен. Милиция кызматкерлери каза болгон адамдын өлүмүнө шектүү деп 1995-жылы туулган А.А. аттуу кыз кармалып, камакка алынганын кабарлаган.

Шектүү катары кармалган 22 жаштагы кыз көрсөтмөсүндө каза болгон адам менен тааныш эмес болгонун, эркек киши кызга бирге спирт ичимдигин ичүүнү сунуштаган. Ичип алгандан кийин ал өзүн билбей бөтөлкөлөшүнүн башына таш менен урганын айткан.

Учурда Свердлов райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шектүү катары кармалган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
sirgak_92
2017-08-19 11:53:38
Тааныбаган бироо арак ичебиз десе эле иче береби
+14
bahbrat
2017-08-19 12:08:08
Көрүнүп туратко ошол жерде ыплас иштер менен шугулданган топтун мүчөсү экени.
+11
DUNI
2017-08-19 12:22:17
Темасына карап,озун коргонгон окшойт деп ойлопмун...
+8
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-19 12:57:05
Ыплас кебетен менен ,,,,,, тооба мне болуп баратат еркеги деле кызы деле
+5
engel
2017-08-19 12:58:44
Озу кошумча турбайбы жапжаш болуп озу кыз болсо тааныбаган адам м-н арак ичип...
+4
yasin11
2017-08-19 13:10:21
Эх жараткан аллах ыйман ынсап берекор баарыбызга
+6
kyrgyz.kg83
2017-08-19 13:10:54
Менин жылым 95,менин жашым 45 болуптурда бул жагы
+4
Ma9
2017-08-19 14:18:54
Арак ичпей бала ичкирлер
+3
Chinnuri
2017-08-19 16:24:57
Тооба кылдым азыркы заманда тааныган адам менен чай ичиштен коркосун. Бул кыз тааныбаган атасы менен тен киши менен арак ичип эле койбой олтуруп салганын.
+5
Oreanda
2017-08-19 19:29:52
Мен да озун коргонуу учун башына чапкан деп ойлопмун.
0
Sharipa-asia
2017-08-21 01:37:59
Кыргызстаныбызга Аллахым ыйман,тынчтык бере көр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан