Жалал-Абадда 7 айдын ичинде 145 жолу өзгөчө кырдаал катталып, 15 адам каза болгон

Жалал-Абад облусунда акыркы 7 айдын ичинде 145 жолу өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдыкына салыштырмалуу 3,3 эсеге көбүрөөк. Быйыл кырсыктардан 15 адам каза болгон. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 99 миллион 574 миң 744 сомду түзгөн. Мындан сырткары облус боюнча 18 жолу сууга чөгүү учуру катталып, андан 19 адам сууга чөгүп каза болгон, анын ичинен 6 эркек, 4 аял, 9 жаш бала көз жумган.

згөчө кырдаалдардын эң орчундуулары кар көчкү 59 жолу, жер көчкү 52 жолу, сел 11 жолу катталды. Сел жана суу ташкындарынан 28 көпүрө жабыр тарткан болсо, салыштырмалуу 2016-жылы 7 айдын ичинде 9 даана көпүрө бузулуп, жараксыз абалга келген. Бүгүнкү күндө 17 көпүрө кайра калыбына келтирилди, калгандарында жумуш жүрүп жатат", - деп билдирет ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан