Бүгүн, 19-августта Ош шаарында өткөн “Ош Фест - 2017” эл аралык туристтик фестивалынын жүрүшү тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы SUPER.KG порталына айтып берди. Берилген маалыматка ылайык, мындай фестиваль өлкөдө биринчи ирет өтүп жатат.
Шаарды шаңга бөлөгөн фестиваль түрдүү түстөгү жүк жүктөлгөн төө, жылкылардын керней-сурнайлардын коштоосундагы кербени менен шаардын борборунда башталды. Шаардын борбордук көчөсү аркылуу өткөн жүрүш Токтогул Сатылганов атындагы парктан токтоп, сейил бактагы көргөзмө менен уланды. Көргөзмөгө Ош шаарындагы ашпозчулардын колунан даярдалган түркүн тамак-аштар, жер-жемиштер, чыгыштын түрдүү чайлары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган.
"Фестивалга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, USAID'дин өлкөдөгү өкүлү Кимберли Роузен, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, шаар тургундары, коноктор жана туристтер катышты. Көргөзмөнүн катышуучуларына кербендин жүрүшү, шаардын тарыхы, калктын салт-санаасы, улуттук тамак-аштары тууралуу баяндалды. Ага улай “Этно-Ош” тобу улуттук музыка, ыр, бий тартуулашып, Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын актёрлору “Кыз узатуу” салтын, “Бабур” атындагы өзбек улуттук театры “ Жар-жар” айтуу салтын көрсөтүштү. Ошондой эле коноктор жана туристтерге эс алуу бактын ичинде тушоо кесүү салты, “Аркан тартыш” улуттук оюну уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгилеген.
“Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалынын өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш-чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт. Бул кыргыз элинин ынтымагын, улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”, - дейт Кадырбаев.