Сооронбай Жээнбеков БШКга тапшырган колдордун 3 миң 810у жараксыз болуп чыкты

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн БШКга жалпы 49 миң 779 адамдын колу коюлган баракчалар түшкөн. Талапкерлердин кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ чогултулган баракчаларды карап чыгып, 3 миң 810у жараксыз болуп чыкты. Ал эми жумушчу тобунун берген аныктамасына ылайык 45 миң 969 кол жарактуу деп табылды.

Учурда президенттик шайлоого ат салышууга аттанган 51 талапкер калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 5 талапкер гана 30 миңден ашуун кол топтогон. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков. 25-августта чогултулган колдорду тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Мындан тышкары ар бир талапкер 1 миллион сом күрөө төгүшү керек. Ошондон соң гана БШК аларды талапкерликке каттайт. Азыркы тапта Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариевге "президенттикке талапкер" макамы берилген.

Шайлоо 15-октябрга белгиленген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
laboom
2017-08-20 14:54:58
Zirk, jok degende 10000 dese bolmok eken ubara boluup 3000 di jazbai.
+8
Aidani
2017-08-20 14:59:02
Сооронбайды ким колдоп атты экен СДПК чылар 9, же 10 жолудан добуш берип атат да, ал эми мамлекеттик мекемелерде бештен белгилуу, апам отурат Сооронбайды шайлап алсак экен эптеп эми деп
+14
Asedullah1996
2017-08-20 15:25:27
Добушум Адахан мырзага.БШК иштеп жатабыз дегендей тур корсотуп жатышат акыркы саясий окуялар куугунтуктар элдин ишеничи жок сотко99% БШК0% озун корсотту.Сот озунун жаназасын окуду.
+10
medet1983
2017-08-20 15:29:17
Сооронбай Жеенбековту ким шайлайт экен озу,бул баарын жеп жутат.Озу туулуп оскон Кара-Кулжанын центрин корсонор мышык ыйлагыдай.Бир айылды ондой албаган адам анан кантип бутундой Кыргызстанды ондомок эле
+16
bekov01
2017-08-20 15:34:22
3810убу? Да нуу соке да нуу
+15
regina86
2017-08-20 15:55:11
Жалган Сооронбай Жээнбеков Ошто аким мер болуп турганда эч нерсени жыргаткан эмес.Иштеген адам Мелис Мырзакматовтой иштеш керек.
+20
jonne
2017-08-20 16:08:15
regina86,туура айтасын
+10
lady_91
2017-08-20 17:18:42
regina86,Мырзакматов койгондо алып кетмек ошон учун аны алдын ала бириинчи эле жок кылды да эл колдоп атканын коруп
+10
mirkaa5182
2017-08-20 19:18:42
regina86,сөзүңө кошулам.
+2
aliya-leyla
2017-08-20 22:30:33
regina86,Жээнбеков аким, мэр болгон эмес
0
turaliev
2017-08-20 16:15:58
Садыр Жапаров элим-жерим деген жигит татыктуу Президент болмок...
+7
pixduel1
2017-08-20 16:32:27
Элибиз азыртадын 500 дөн миңге чейин акча алып добушумду сага берем деп журот! Акчага алданбай келечекти да ойлойлу кыргыз элим.Добушуңарды сатып мамлекетке же чондорго наалыбагыла анан!
+10
nurbekasr
2017-08-20 16:40:29
Ошо жалаң жараксыз болгон колдор Кара кулжалыктардыкы деп ишенем.
+12
nurbekasr
2017-08-20 16:43:08
Кыргыз элим ушунусунда алданбай кыраакы бололу,эч качан сасыган акчаларына сатылбайлы.Ушунусунда добушубузду сатсак анда эле эч качан оңоло албайбыз.Ансыз да 6 жыл добушубузду саьып жиберип кыйналып келдик.Мындан ары да көздү ЧООҢ ачып,добушубузду сатбайлы.
+14
Ali-han
2017-08-20 16:43:28
Биздин президент Омурбек Бабанов!!!
-15
abusait
2017-08-20 17:43:03
Боштондук текебаевге!
+7
bond02
2017-08-20 18:28:23
Ошол 3810у жарактуу болушу мумкун.
+13
omuke8993
2017-08-20 20:06:16
выбирай не выбирай президент болот сооронбай деп ататко бирок элим биригип добушунарды сатпай бөлүнүп жарылбай Кыргызстанды бүтүн бойдон сактап калайлы Адахан Мадумаров татыктуу.
+6
bakytkg007
2017-08-20 21:54:25
Бул жолу добушту сатпайлы. кыргыз калкым балдарыбыздын келечегин сатпайлычы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан