Сургут шаарындагы кол салууну Орусиянын тергөө комитети иликтөөдө

Сургут шаарындагы кол салууну Орусиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы иликтөөдө. Бул тууралуу Тергөө комитетинин 20-августтагы тараткан билдирүүсүндө айтылат.

"Жарандарга кол салган шектүү 1998-жылы туулган Сургут шаарынын жашоочусу экени аныкталды. Азыркы тапта бир адам оор абалда, ал эми калгандарынын абалы орто. Кылмыш ишинин негизинде тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда кол салуунун себептери такталууда", - деп айтылат Тергөө комитетинин маалыматында.

Айта кетсек, 19-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:20 чамасында бычак көтөргөн белгисиз адам көчөдө жүргөн бир канча адамга кол салган. Кылмышкер ошол эле жерден жок кылынган. Кол салуунун кесепетинен 7 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ал эми айрым чет элдик маалымат агенттиктери кол салууну "Ислам мамлекети" террордук тобунун адамы кылганын жазып чыгышты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан