28-майдан 6-июнга чейин Азербайжандын Баку шаарында “Каспий Кубогу” аттуу футбол боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Кыргызстандын жаштар курама командасы да катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мелдешке Азия, Европа, Америка жана башка өлкөлөрдүн 1997-жылы туулган жаш футболчулары катышат. Командалар 4 топко бөлүнүп, жарым финал жана финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Мекендештерибиз “А” тобундагы АКШ жана Азербайжандын командалары менен беттешет. Айта кетсек, кыргызстандыктардын мелдеши 29-майда саат 20:00дө азербайжандыктар менен өтөт. 30-майда саат 17:00дө Кыргызстан менен АКШ командалары беттешет.