Орусиялык ырчы, актриса жана алып баруучу Сати Казанова алгачкы жолу өзүнүн жеке жашоосу тууралуу HELLO басылмасына маек берип, күзүндө турмушка чыгууга камданып жатканын айтты. Белгилүү болгондой, ырчынын болочок жолдошу – италиялык сүрөтчү Стефано Тиоццо.
“Соңку кездерде мен тууралуу көптөгөн ушак-айыңдар айтылды. Анын баарына чекит коюу максатында жеке жашоом жөнүндө өзүм жарыялоону туура көрдүм", - деп кеп баштаган ырчы буларга токтолгон:
"Стефано экөөбүздүн таанышканыбызга 1 жылдай болду. Экөөбүз Германияда курбум Марина менен Стефанонун байкеси Миссбахтын үйлөнүү тоюнда таанышканбыз. Анда мен тойго ырдаганга барсам, ал конокторду сүрөткө тартып жүргөн. Экөөбүздүн тең буга чейин жеке жашоодон жолубуз болбогондуктан ал учурда бири-бирибизге көз сала турган абалда эмес болчубуз. Болгону 5 мүнөткө жакын гана баарлашып турганбыз. Кийин курбумдун дагы бир жакшылыгында кайрадан жолугуп калып, ошондон тарта жакын мамиледе болуп калдык”, - деген ал.
Ошондой эле түгөйлөр бири-бири менен англис тилинде сүйлөшөрүн кошумчалаган.
“Таанышкандан тарта англис тилинде сүйлөшөбүз. Учурда ал орус, мен италия тилин өздөштүрүүдөбүз. Себеби Стефанонун апасы мени менен кантип баарлашам деп тынчсызданып жатыптыр. Андыктан баш кошконго чейин бул тилди үйрөнүүгө болгон аракетимди жумшайм.Үйлөнүү тоюбузду күзүндө өткөрүүнү пландап жатабыз. Азырынча кайсы өлкөдө болору аныктала элек. Ал эми келечекте көпчүлүк убактыбызды Орусияда өткөрүп, Италияга да бат-баттан барып турабыз”, - деген ырчы.
Ал эми дин маселеси боюнча буларга токтолгон.
“Мен – мусулманмын, болочок жолдошум – католик. Экөөбүз тең бири-бирибизди сыйлайбыз, бирок ар кимибиз өз динибизде калабыз”.