Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титиреди

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 21-августка караган түнү саат 01:51 чамасында жер титирөө катталган. Анын очогу Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашып, күчү 5 баллга жакын болгон.

Жер титирөөнүн очогу Ор-Казган айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Ак-Терек айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышта, Канжыга айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Көк-Жаңгак шаарынан 25 чакырым чыгышта жайгашкан. Зилзаланын күчү калк жашаган аймактарда 4 баллдан 4,5 баллга чейин сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Beks0207
2017-08-21 09:37:11
Катуу титиреди ойгонуп кеттим карасам саат 1:52 екен
0
Bek94
2017-08-21 10:17:01
Уктап жаткам жер тирөө болуп өттү чочуп ойгсндум ошондой мага сезилип жатат окшойт дедим эле
0
Ilyas-toboy
2017-08-21 10:19:04
Жабыр тарткандар жокпу?
0
Das151193
2017-08-21 10:20:03
мен да сездим. анчалык катуу болбоду
0
Riokyrgyz
2017-08-21 12:11:35
Токтогулдун Озгоруш айылында да сезилди
0
ilgis1991
2017-08-21 15:54:39
Озгондо да сезилди катуу эле болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан