Дүйнө чемпиондугунда күрөш боюнча Кыргыз балбандардын атаандаштары аныкталды

Бүгүн, 21-августта Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандар килем үстүнө чыгышат. Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдештин алгачкы күнү Кыргыз өлкөсүнөн 4 балбан грек-рим күрөшү боюнча медалдар үчүн күч сынашат. Алар Кайратбек Түгөлбаев, Нургазы Асангулов, Үзүр Жусупбеков жана Азат Бейшебеков.

Кыргыз балбандардын атаандаштары төмөндө:

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нургазы Асангулов — Жайр Алексис (Колумбия).

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

Кайратбек Түгөлбаев — Ахмед Ибрахим Хассан (Египет).

85 килограммга чейинки салмак ченинде:

Азат Бейшебеков — Жавид Хамзатау (Беларусь) же Метехан Басак (Түркия) (Бул эки балбандын жеңүүчүсү Азат Бейшебеков менен күрөшөт).

98 килограммга чейинки салмак ченинде:

Үзүр Жусупбеков — Муса Евлоев (Орусия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
radroy
2017-08-21 10:45:11
Ийгилик каалайбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан