Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборуна "бомба коюлду" деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ыкчам изилдөө иштеринин негизинде жалган маалымат тараткан адам 1990-жылы туулган С.Т. экени аныкталды. Учурда топтолгон материалдар кылмыш ишин козгоо үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, кечээ, 20-август күнү саат 12:30 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө чалуу келип түшкөн. Анда Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборуна бомба коюлганы айтылган. Мындан улам имарат курчоого алынып, текшерүү иштери жүргөн. Бирок эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.