Футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 14-турдук оюндары өттү

19-августта футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 14-турдук оюндары өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, анда "Дордой" - “Алай”, "Алга" - "Кара-Балта” жана “Абдыш-Ата” - “Нефтчи” беттештери орун алды.

"Дордой" - "Алай" - 1:2

Борбор калаада орун алган "Дордой" - Алай" беттеши 1:2 эсеби менен жыйынтыкталды. Беттештин 1-бөлүгүндө эки команда гол жаратканга үлгүргөн жок. Эсеп санын 59-мүнөттө Владимир Верёвкин ачты. Ал Муролим Ахмедовдун чыгарып берүүсүн ийгиликтүү жыйынтыктап, эсепти 0:1 кылды. Арадан 10 мүнөт өтпөй Муролим Ахмедов эсепти эки эсе көбөйттү. 87-мүнөттө "Дордойдун" оюнчулары пенальтини аткарганга мүмкүнчүлүк алды. Аны Алишер Азизов мыкты аткарып, эсепти 1:2 кылды.

Бул жыйынтык менен "Алай" командасы турнирдик жадыбалда 37 упай топтоп, "Дордой" менен аралыкты 15 упайга кеңейтти. "Дордой" командасы 22 упай топтоп 3-орунда жайгашты.

"Дордой" (Бишкек) – "Алай" (Ош) 1:2

Голдор: Алишер Азизов 83-мүнөттө (пенальтиден) – Владимир Верёвкин 59-мүнөттө, Муролим Ахмедов 68-мүнөттө.

"Алга" - "Кара-Балта" - 2:0

"Кара-Балта" шаарынын Манас стадионунда "Алга" командасы жергиликтүү "Кара-Балта" командасын 2:0 эсебинде жеңип алды. Оюндун 15-мүнөтүндө "Кара-Балтанын" оюнчусу Атай Жакыпбаев орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып оюндан четтетилген. "Алганын" футболчулары артыкчылык менен колдонуп 18-мүнөттө Владислав Нуриев эсепти ачты. 75-мүнөттө Владимир Харченко эсепти 2:0 кылып оюнга чекит койду.

Бул жыйынтык менен "Алга" командасы 13 упай топтоп 5-орунда келе жатат. Ал эми "Кара-Балта" командасы 7 упай менен жадыбалдын алдында турат.

"Алга" (Бишкек) – "Кара-Балта" (Кара-Балта) 2:0

Голдор: Владислав Нуриев 18-мүнөттө, Владимир Харченко 75-мүнөттө.

"Абдыш-Ата" - "Нефтчи" 1:0

Кант шаарында орун алган "Абдыш-Ата" менен "Нефтчинин" беттеши 1:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Беттештеги жалгыз голду Владимир Казакбаев 57-мүнөттө киргизди. "Нефтчи" командасы эсепти теңдегенге умтулганы менен гол жаратканга үлгүргөн жок. Бул жеңиши менен "Абдыш-Ата" командасы 25 упай топтоп турнирдик жадыбалда 2-орунга көтөрүлдү. "Нефтчи" командасы 15 упай менен 4-орунда келе жатат.

"Абдыш-Ата" (Кант) – "Нефтчи" (Кочкор-Ата) 1:0

Гол: Владимир Казакбаев 57-мүнөттө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
LeoX
2017-08-21 11:23:39
Топ-Лиганын турнирдик таблицасы деген мурун чыгып турчу эле, бул автор таптакыр эле чыгарбайт аны.
+4
Beks0207
2017-08-21 11:27:46
Нефтчи 3места силер учун
-1
admin_superstan
2017-08-21 14:14:39
FCBMESSI, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан