Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө жол кырсыгы катталып, Орусиянын эки жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 19-август күнү болгон.
"49 жаштагы Орусия жаранынын башкаруусундагы Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, бир канча жолу оодарылып кеткен. Анын кесепетинен бир адам ооруканадан, эки адам кырсык болгон жерден каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген. Учурда кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ИИМден.
Каза болгондор:
1. Т.Тимур - 13 жашта, Санкт-Петербург шаарынын тургуну (Орусия жараны);
2. Т.Людмила - 48 жашта, Санкт-Петербург шаарынын тургуну (Орусия жараны);
3. Р.Аида - 47 жашта, Бишкек шаарынын тургуну.
Жабыркагандар:
1. Т.Мария - 16 жашта, Санкт-Петербург шаарынын тургуну;
2. Н.Евгений - 49 жашта (Орусия жараны);
3. Р.Амалия - 5 жашта, Бишкек шаарынын тургуну.