19-20-август күндөрү Казакстандын Алматы шаарынын күнүнө карата "Star of Asia" аталышындагы эл аралык музыкалык фестиваль болуп өттү. Аталган сынак алгачкы ирет уюштурулуп, ага казак элинин Кайрат Нуртас, Али Окапов, Димаш Кудайбергенов баштаган бир топ белгилүү ырчылары жана түштүк кореялык "U-KISS" тобу, Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти Райхон, ырчы Dj Piligrim, Индиядан Санах Модити сыяктуу жылдыздар, ал эми Кыргыз жеринен ырчы Омар катышып келди.
Казак басылмаларынын билдиргенине караганда, аталган фестивалды дүйнөнүн 118 телеканалы түз алып көрсөтүп, ал гана эмес европалык "Euronews" телеканалы да дал ушул кечени чагылдыруу үчүн тартуучу топту Алматыга жиберген. Ал эми фестиваль ырчылардын сахнага чыгып ырдаганы менен гана чектелбестен, алардын кызыл килемден өтүүсү менен коштолгон.
Мындай форматтагы музыкалык фестиваль казак жеринде алгачкы ирет болуп өттү. Бул өлкөнү туристтерге таанытууга жана кызыгуу жаратууга чоң өбөлгө түзөрү айтылууда.