Бүгүн, 21-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Аида Салянованын соту уланды. Анын жүрүшүндө айыпталуучу тарап отурумга сотко УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди, УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Нурлан Мусаханов менен ишти тергеген тергөөчүнү чакыруу өтүнүчүн айтышты.
"2016-жылдын 16-январында Салянованын лицензияны узартуу боюнча койгон колу тууралуу экспертизанын корутундусу 2 саатта даяр болуп жатат. Кээде биз иш боюнча экспертизага кайрылганда 6-7 айлап жыйынтыгын зорго алабыз. Айыпталуучуга козголгон кылмыш ишине кызыкдар тараптын эртелеткени ачык эле байкалып турат. Ошондуктан УКМКнын башчысынан баштап, тергөөчүгө чейин сотко чакыралы", - деди жактоочу Чынара Жакупбекова.
Бул өтүнүч боюнча мамлекеттик айыптоочу каршылыгын билдирип "экспертизанын ишинде коюлган колду аныктоого көп деле убакыт кетпейт. Эгерде экономикалык иштер тууралуу болгондо көп убакытка созулмак. Бул өтүнүчтү четке кагууңузду өтүнөм" деди.
Сот Кубанычбек Касымбеков өтүнүчтү четке какты. Отурум түшкү тыныгуудан соң кайра улантылат.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.