Кыргыз курамасын көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунан четтетүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тараткан маалыматында айтылат.
"Кыргыз курама командасы менен Монголия курамасынын беттеши бүгүн саат 9:00дө башталмак. Бирок уюштуруучулар тарабынан Кыргыз курамасы оюн талаасына чыгарылган эмес. Буга "аттардын арткы буттарындагы таканы алып салгыла" деген талап себеп болгон. Мындан улам Кыргыз курама командасы калыстар тобунун атына нааразычылыгын билдиришкен. Ошондой эле Дүйнө чемпиондугуна катышпоо демилгесин көтөрүшкөн. Азыркы тапта уюштуруучулар тарабынан Кыргыз курамасын оюндан четтетүү маселеси каралууда", - деп билдиришти аталган агенттик.
Айта кетсек, мелдешке жалпысынан 12 курама команда катышууда жана алар 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келген. Анда Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары бар.