Бүгүн, 21-августта "Канжар Кадыралиев үйүмдү, кафемди тартып алды" деген жаран маалымат жыйын өткөрүп, өлкө башчысына, Жогорку Кеңешке, Башкы прокурорго, УКМКнын башчысына кайрылуу жасады.
"Биз үч жылдан бери ушинтип кайрылып жүрөбүз. Биздин сот ишибиз эки жарым жылга созулуп, акыркы жыйынтык чыга турган күнү жогору жактан сотко чалуу болуп ишти кайра тергөөгө кайтарып жиберди. Соттун бул аракети ишти кыскартып, жок кылып жиберүүнүн эң оңой жолу деп эсептейм. Мен Канжар Кадыралиевге Оштогу үйүмдү, кафемди тарттырып койгом. Соттун ишти адилет карап беришин сурап, бүт бийлик бутактарына үй-бүлөм менен дагы бир жолу кайрылууга аргасыз болуп жатам", - деди Мирлан Жолдошев.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Буга бир катар жарандардын Кадыралиевдин үстүнөн арызданышканы себеп болгон.
Ушул жылдын 15-августунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канжар Кадыралиевдин иши боюнча кезектеги соттук отурум уланган. Анда айыпталуучу тараптын жактоочулары ишти кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Аны сот канааттандырган.