"Айтыш" коомдук фонду: "Кыргыз-казак эл аралык айтышынын тандоо туруна Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев келишкен жок"

Кечээ, 20-август күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында кыргыз-казак эл аралык айтыштын тандоо туру өтүп, анда казак акындары менен айтышчу кыргыз акындары белгилүү болгон. Айрым интернет колдонуучулары алардын арасында "Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучевдер эмнеге жок?" деп суроо салышкан. Бул боюнча республикалык "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратовго кайрылганыбызда, ал буларга токтолду.

"Тандоо туруна жалпы 45 акын келди. Тандоо туруна бардык акындарды чакырганбыз. Ага Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучевдер келишкен жок", - деди аталган фонддун тең төрагасы Маратов.

Маалыматка караганда, 8 акын тандоо турунан өткөн. Алар Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Болот Назаров, Жылдызбек Төрөканов, Идирис Айтбаев, Изат Айдаркулова, Кадырбек Бейшенов, Асылбек Маратов.

Айта кетсек, 30-31-август күндөрү Кыргыз улуттук филармониясында Эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт. Ага казактардан 8, кыргыздардан 8 төкмө акын катышат. Айтыш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Тууганбай Абдиев атындагы коомдук фондунун колдоосу менен өткөрүлүп, байге фонду 2 миллион сомду түзөт.

Айтылуу төкмө акын, дастанчы, комузчу, "Махабат дастаны" тасмасында Раймалынын ролун аткарган актёр Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shekeev969798
2017-08-21 16:40:34
Чын журоктон баарибир
-3
aza84
2017-08-21 19:25:55
Аалы жок айтыштын корку жок
+5
muzykant
2017-09-01 13:30:33
Асылбек эмнени билет Аалынын озуно кайрылып жооп алсанар болмок. Бир чон саясатташуу болгондой го болбосо Тууганбай Абдиевди устатым деп Аалы оозунан тушурбой айтчу элего устатынын маарекесинде катышпай койгону мумкун эмес эле. Бут тосуулар болуп жататго кок боруну козгоп ийэт деп чындыкты жашырышты
+1
Albe
2017-09-01 13:33:46
Калыстарды алмаштырыш керек
+1
Tolkun555
2017-09-02 11:28:19
Ачык айтканды эл колдогондун баарын басмырлап жатасынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан