Самара Каримова баш тарткан "Сулайман-Тоо" музейинин директорлук кызматына Абдыкайым Кангелдиев дайындалды

Абдыкайым Кангелдиев Оштогу "Сулайман-Тоо" музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта SUPER.KG порталына маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков билдирди.

Анын айтымында, Кангелдиевди бул кызматка өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү көрсөткөн. Андан соң премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгонун баса белгиледи министр.

Буга чейин Абдыкайым Кангелдиев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн билим берүү жана маданият тармагынын жетекчиси болгон.

Айта кетсек, 28-июль күнү "Сулайман-Тоо" музей комплексине ырчы Самара Каримова министр Түгөлбай Казаковдун буйругу менен директор болуп дайындалган. Министрликтин бул чечими коомчулуктун кыжырын келтирип, ырчыга жана министрге карата курч сын-пикирлер айтылган. Буйрук чыккандан 1 күн өткөндөн кийин Каримова кызматтан баш тартканын интернет аркылуу жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
avtogrand
2017-08-21 16:50:21
Обед деп жаап койгонду жоёсуз деген үмүттөмүн. Ишиңизге ийгилик.
+9
aikokul14
2017-08-21 18:28:21
avtogrand,чын эле ушул суроого жооп алып бербеди,Супер инфо.
+5
Uson1388
2017-08-21 16:59:26
Самара баш тарткан деп тим эле Самара баш тарткан жок аны эч ким кабыл албады
+15
arzygulR
2017-08-21 17:36:23
Uson1388,туура айтасын жашпыз иштеш керек деп
чыккан болчу просто эч ким кабыл албады
+10
Janna07
2017-08-21 17:28:17
Бизде жан уроп иштеген инсандар жокко эсе.
+2
Nanei
2017-08-22 21:35:54
Самара,Нурлат насип,Айчурок,Анжелика жадатышты. Супер элдин мнениясын да эске алсанар бираз
0
admin_superstan
2017-08-23 11:10:03
Nanei, саламатсызбы! Өтүнүчүңүздөр эске алынды, рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан