Индиядагы аэропортто Кыргыз жараны ири суммадагы акча менен кармалды

Индиянын Нью-Дели шаарындагы аэропортто Кыргыз жараны ири суммадагы акча менен кармалды. Бул тууралуу индиялык indianexpress басылмасы жазды.

"56 жаштагы Зухра Балтабаева аттуу Кыргыз жараны Нью-Дели шаарындагы аэропорттон Бишкекке учуп жаткан маалда кармалган. Анын жанындагы сумкасынан 60 миң доллар, ал эми багаждагы жүктөн бир миллион доллардан ашык акча табылган", - деп жазды аталган басылма.

Ошондой эле маалыматта Индиянын бажы кызматы бул маселени иликтеп жатканы айтылат.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Кыргыз жараны ири суммадагы акча менен кармалды" деген маалымат такталып жатканын жана Индиядагы элчиликтин кызматкерлери жеринде тактоо үчүн аталган аэропортко чыгып кеткенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Syn4y
2017-08-21 17:12:54
4irip ketiptir go
+2
TazaKyrgyz
2017-08-21 19:13:26
Syn4y,Ылайым эле чыгып кетсин.Кудай бизди да ошондой акчага жеткирсин.Бироонун акчасын санаганга эч кимдин акысы жок!!!
+14
Ermekbai
2017-08-21 17:15:30
Анчалык акчаны каяктан алды экен
+6
Rasul94
2017-08-21 17:16:43
акчасы коп болсо дагы кармалабы
+8
basyz-kaman
2017-08-21 17:19:39
Көп акчаны чек-арадан алып өтүү үчүн атайын документтерди чогултуу керек болот, ансыз алып өтө албайсың.
+7
Elif2015
2017-08-21 17:24:47
Банк аркылуу Мекенибизге жонотуп Анан барабыз Айлыктарыбызды Туркиядан ызы чуусу жок тынчыраак деп Биз мисалы .Жанында алып оттууго он мин долларга чейин уруксат бар дешет .
+5
Begmat1992
2017-08-21 18:49:51
Мынча акча менен кантип коркпой жолго чыгыптыр же Модин мн Маевскийден кемминби деп чыга бергенби
+14
dina
2017-08-21 21:37:18
Кыргызстандын карызынан куткарайын дегенго) чыгып кетсин тезирек омиин.
+7
briliant87
2017-08-21 22:15:34
Байкуш чыгып эле кетсе экен
+4
Ak_Bulut
2017-08-22 01:12:38
Каап кармалбай калса болмок бир Кыргыз болсо да уй булоосу менен бай жашамак экен
+6
33SUUN
2017-08-22 01:22:54
Тапкан кирешесин документ аркылуу далилдесе акчасы озундо калат же ал акча мыйзамсыз жол менен чогулган болсо анда индиянын бирдиктуу фондуна которулатдагы бул кишиге кылмыш иши козголот.
+4
AlbertEinstein
2017-08-22 05:16:00
Уурдап келаткандыр
0
Kroxa
2017-08-22 12:24:08
Коп суммадагы акчаны картага салып же которуу жолдору менен алып келишкерек,эле...болгону 10 мин доллар уруксаат экенин билген эмеспи??
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан