Мушкер, саясатчы, шоумен Николай Валуев 1973-жылы 21-августта Орусиянын Ленинград шаарында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган. Анын ата-энеси заводдо иштеген. Валуев жаш кезин Ленинград шаарында өткөргөн.
Николай Валуев төрөлгөндө бою 52 сантиметр болчу. Бирок бала бакчада анын бою өтө тез өсүп баштаган. Бою бат өскөндөн улам анын ата-энеси кийим алып бергенге жетишчү эмес. Валуевдин учурдагы бою 213 сантиметрди түзөт.
Мектепте 5-класста окуп жүргөндө, аны баскетбол боюнча машыктыруучу байкап калып баскетбол ойноого чакырат. Алгачкы машыгууларын Николай Валуев мектептин секциясында өткөрчү. Кийинчерээк спорттук интернатка көчүп барып машыгуусун улантат. Машыгуусунун жыйынтыгы аны жаштар арасындагы өлкөнүн чемпиондугун жеңгенге алып келет.
Валуевдин бою өскөнү токтобогондон улам тоскоолдуктар жаралып баштайт. Жаш спортчунун координация менен көйгөйлөрү пайда болгондуктан Валуев спорт академиясына диск ыргытуу спорту менен машыгып баштайт. Спортко шыгы бар болгондуктан, ал Спорт чеберге нормативдерин жеңил эле тапшырганга үлгүрөт.
Спорттун бокс түрүнө кеч аралашкан, ошол кезде ал 20 жашта болчу. Бир нече ай машыгуудан соң ал рингге чыгат. Алгачкы беттеши 1993-жылы Берлин шаарында өтөт, анда Валуев америкалык мушкер Жон Мортон менен беттешип, аны жеңип алат. 1999-жылы Николай Валуев орусиялык Алексей Осокинди жеңип оор салмакта өлкө чемпиондугун багынтат.
Континенттер арасындагы чемпион наамын Николай Валуев 2004-жылы алган. Ал нигериялык Ричард Бангону калыстардын бирдей чечими менен жеңип алган.
2006-жылы Орусиянын тарыхында биринчилерден болуп ВБА версиясы боюнча чемпион болот. 3 жылдан кийин алгачкы жеңилүү ызасын тартат.
Эң мыкты беттешин Николай Валуев англиялык Дэвид Хей менен өткөрөт, бирок анда ал өзүнүн карьерасында 2-жолу жеңилип калат.
Жалпы эсепте орусиялык мушкер 53 беттеш өткөргөн, 50 беттеште жеңип, 2 беттеште жеңилип жана 1 беттеште тең жыйынтыктаган.
2011-жылы Николай Валуев саясатка аралашат. Ал Мамлекеттик Думанын депутаты болом деп “Единая Россия” партиясынан өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Азыркы убакытта ал дене тарбия жана спорт иштери менен алек.
Спортчу, саясатчы жана шоумен жакшы үй-бүлөчүл киши. Николай Валуев аялы Галина Дмитриева менен 1997-жылы таанышкан. Ал кезде Николай 24 жашта болсо, Галина 20 жашка толгон. Азыркы убакытта мушкердин 3 баласы бар, кызы Ирина жана эркек балдары Григорий менен Сергей. Орусиялык телешоунун биринде мушкер үй-бүлөнүн башчысы Галина Дмитриева деп айткан. Мындан улам Николай Валуев сыртынан айбаттуу болгону менен, ичинен аябай боорукер жана аялына чыныгы жолдош экени билинген.
Николай Валуев мергенчиликти жана катер менен жүрүүнү жакшы көрөт. 2009-жылдан баштап өзүнүн бокс мектебин башкарат. Ошондой эле Николай Валуев кайрымдуулук менен алек. Николай Валуев атындагы фонд балдар спорт мектептерине жардам берет.
2014-жылы Николай Валуев Бишкекке келип чыгармачылык кечесин өткөргөн. Ал күйөрмандары менен жолугуп, 2 сааттан ашык убакыт бою өзүнүн спорт жаатындагы ийгиликтери, жашоодогу жетишкендиктери, кандай жол менен атактуу болгону тууралуу кенен айтып берген.
21-августтун жылнаамасы.