"Чоң шаардагы секс" сериалындагы сексуалдуу, эркектердин көӊүл чордонунда болгон Саманта Жонстун образы менен дүйнөгө таанылган англо-канадалык актриса Ким Кэттролл бүгүн, 21-августта 61 жашка толду. Ал 1956-жылы Улуу Британияда туулган.
Кичинесинен актёрлук таланты байкалган Ким 16 жашында Нью-Йорктогу Америкалык театр академиясына тапшырган. Окуусун аяктаган соң Отто Премингер аттуу кинорежиссёр менен 5 жылдык келишим түзүп, бир канча тасмаларга тартыла баштаган. Бирок арадан 1 жыл өтпөй «Universal studios» киностудиясы режиссёр менен келишим түзүп, Ким Кэттроллду өзүнө өткөрүп алган. Ошондон тарта актриса карьерасын телевидениеден уланта баштаган.
1984-жылы “Полициялык академия” аталышындагы комедиялык тасмада Карен Томпсон аттуу кадеттин образын жаратып, өз күйөрмандарын чогулта алган. Ал эми 1987-жылы жарыкка чыккан “Манекен” тасмасы актрисанын атын далайга тааныткан. Бирок атактуулуктун туу чокусуна “Чоң шаардагы секс” сериалы аркылуу жеткен.
Актриса 1997-жылы аталган сериалга тартылуу үчүн кастингге катышып өтүп кеткен. Анда жашы 40ка чукулдап калган, тагдырлары бири-бирине окшобогон айымдардын окуялары сүрөттөлөт. Сериалда Ким дайыма сүйүүгө кабылып, ар түрдүү кызыктуу окуяларга кабылган Саманта Жонстун образын ийинине жеткире аткара алган.
Бирок бул сериал актрисага атактуулук алып келгени менен, жакындары менен жылуу мамилесин бузган. Тактап айтканда, анын 1 эле сериясын көргөн атасы кызына ачууланып, аны сойку деп атаган. Бирок сериалды толугу менен көрүп чыккан соң ачуусу тарап, кызын колдоого алган.
Аталган сериалдан соң “Купюрасыз жылаңач кыздар” фильмине тартылып көз карандысыз кинофестивалдардын бир канча сыйлыктарына жана көрөрмандардын оң-терс айтылган сын-пикирлерине кабылган.
Кийин сексуалдуулук тууралуу катары менен 3 китеп жазган. Алардын бирине даректүү тасма тартууга да жетишкен.
Актриса 3 жолу турмушка чыккан. Биринчи жолдошу менен 1, экинчиси менен 2 жыл жашаган соң ажырашып, үчүнчү жолдошу музыкант Марк Левинсон менен 6 жылга жакын түтүн булаткан. Андан сырткары кыска мөөнөттүк көңүл ачуулары да көп болгону айтылып келет. Ал гана эмес чет элдик басылмалар актриса 25 жашында Канаданын ошол кездеги премьер-министри Пьер Тюрдо менен жылуу мамиледе болгонун жазып чыгышкан.
Ошондой эле өзүнөн 23 жашка кичүү ашпозчу Алан Уайз менен 5 жыл сүйүү мамилесинде болгон жана улууларга караганда жаштар менен мамилелеш болуу кызыктуу экенин айткан.
Ал эми актриса өзү үй-бүлө очогу бузулганына “Чоң шаардагы секс” сериалы себепкер экенин айткан.
“Көрсө, мен көп убактымды үй-бүлөмө эмес, карьерама бөлүптүрмүн. Алгач жолдошум Марк дайыма колдоп, мен үчүн сарсанаа болуп, тынчсызданып турчу. Кийин жалгыздыктан тажай баштады. Жыйынтыгы ажырашууга алып келди”, - деген ал.
Ошондой эле аталган сериалдагы образын жактырбай тургандыгын, көптөр аны сериалдагы образына окшош жеңил ойлуу адам катары санашарын айтып берген.
21-августтун жылнаамасы.