Кыргыз балбан Нургазы Асангулов күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына өттү

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Нургазы Асангулов чейрек финалга өттү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нургазы Асангулов грек-рим стилинде 71 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп алгачкы беттеште колумбиялык Жайр Алексисти жана экинчи беттеште америкалык Патрик Смитти жеңип жарым чейрек финалга жолдомо алды.

Ошондой эле Кайратбек Түгөлбаев 75 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп египеттик Ахмед Ибрахим Хассанды жеңип жарым чейрек финалга өткөн. Анда Кыргыз балбан венгриялык Томас Лоринске жеңилип калды. Бирок Түгөлбаевдин коло медаль үчүн беттешкенге мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми Үзүр Жусупбеков жана Азат Бейшебеков атаандаштарына жеңилип, медалдар үчүн күрөштү токтотушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2017-08-21 19:19:37
Казакстандагы кок бору жонундо маалымат берип турсанар супер Инфо. Оюн башталды го 18:00 до. Онлайн жазып турсанар сураныч.
+1
admin_superstan
2017-08-22 10:35:04
Ali-han, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
bayan_toktomushov
2017-08-21 22:09:51
азаматсын.алга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан